Белгилүү ырчы Болот Тасмаев көзү тирүү болгондо 3-январь күнү 50 жашка толмок. Бирок шум ажал таланттуу ырчыны өткөн жылы 49 жаш курагында арабыздан алып кетти. Болот Тасмаевдин туулган күнүн утурлай үйүнө барып, куран окуп, апасы Сүйүмкан Усенова менен маектешип келдик. "Уулумдун кеткенине жарым жылдай болсо да күн өткөн сайын ага болгон сагынычым күчөп, кыйналып кетем",- деп көзүнө жаш алган эне өнөрлүү уулу тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.


Болотум башкача бала эле...
"Уулумду ушинтип эскерип каламын деп эч ойлободум эле. Мени ал жайыма койбой эле, мен аны көмүп, зар какшап отуруп калдым (ыйлап). Балам башкалардан такыр башкача эле. Бир адамга катуу үнүн көтөрүп кыйкырып, урушканын көргөн жокмун. Мага деле өмүрү бир катуу сөз айткан жок. Жанда жок кичипейил эле. Кичинесинде деле бир тентектик кылып, көзү-башын жарып келген күнү деле болбоду. Кээде ачуум келип урушуп койгондо да эч нерсе дечү эмес, башын ийкеп эле койчу. Ал баарын түшүндүм деген белгиси го. Дагы жашаса болот эле да... Күн өткөн сайын сагынып, куса болуп, кыйналып жатам. Келип калчудай эле жол карайм (ыйлап)".
Атасы дипломат болсо дечү...
"Атасы (ред.: Рыспек Тасмаев төкмө акын, обончу, аткаруучу) чыгармачыл киши болуп, бул тармактын ысык-суугун көрүп калган үчүн балдарыбызды бул чөйрөгө аралаштырбай эле коёлу дечү. Ал Болотту дипломат болсо деп кыялданчу. Бирок уулубуз болбой эле өзү маданий тармакка ыктап кетти. Атасы да артист болот окшойт деп калды. Анан кийин балам мектепти бүтөр маалда жолдошум да 49 жашында көзү өтүп кетти. Мен жалгыз башым менен Болотту дипломат кыла албадым (ыйлап). Болот алып баруучу болуп, андан кийин ырдап чыкты. Кайсы кесипти аркаласа да адал ырыскы таап, аман болсок экен деп тилечү элем".


Балам бир да мамлекеттик сыйлык албай кетти...
"Болотум башкалардай болуп сыйлык, наам дегендерге жулунбады. Элдин баары эле алып жатат го, сен деле документтериңди тапшырып койсоң боло десем, "апа, мага кезек эми келди, буюруса, алабыз да" деп эле койчу. Ошол тилектери да орундалбай кетти. Кагылайыным, кыргыз маданиятына аздыр-көптүр эмгек сиңирип, салым кошту эле да. Эстесем сай-сөөгүм сыздап, көзүмдүн жашы он талаа болот (ыйлап).

Кызын жанынан артык жакшы көрчү
"Баламдын артында бир уул, бир кызы калды. Уулу Азамат Америкада окуп, иштеп жүрөт. Атасынын көзү өткөндө жол жабылып, келе албай калды. Эми биротоло жылдыгында кел дедик. Болотум кызы Акниетти бөтөнчө жакшы көрчү. Тапканынын баарын кызына берип, жанынан артык көрдү. Неберем дагы атасына жакын эле. Баламдан калган туяктар деп ушуларды медер тутуп, отуруп калдым".



Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан ал кичинекей кезинен эле сахнага чыккан. Атасы Рыспек Тасмаев таланттуу ырчы, обончу, төкмө акын болгон.
Болот Тасмаев алгач алып баруучулук менен алектенип, "Аманат" ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи 14 ырды камтыган "Сен билген жоксуң" аталышында ырлар жыйнагы 2014-жылы жарык көргөн. Ошондой эле анын “Аманат”, "Кусалык”, "Алгачкы сүйүү", “Аксынын болом кулуну" сыяктуу бир катар аткарган чыгармалары менен элдин эсинде калды.
