Бүгүн, 4-январь, күнгө дүйшөмбү. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
БШКнын жумушчу тобу КТРКнын директоруна 5500 сом айып пул салууну сунуштады
30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлер Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаевдин катышуусундагы теледебаты өткөн. Бирок жазылып калган дебат Ютуб каналдан жана социалдык тармактардан өчүрүлгөнү белгилүү болгон.
Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери боюнча жумушчу тобунун жыйыны өтүп, анда БШКга 3 сунуш берилди. Аталган жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков билдиргендей, алардын бири 30-декабрда эфирге чыккан президенттикке талапкерлердин дебатынын видеосу өчүрүлгөнүнө байланыштуу КТРКнын директоруна айып пул салуу, экинчиси өчүрүлгөн видеолорду калыбына келтирүү, үчүнчүсү аталган видеолорду социалдык тармактарга акы төлөнүүчү кызмат аркылуу жайылтуу.
"Жумушчу топтун жыйыны 2-январда өтүп, ага 3 президенттикке талапкер, КТРКнын директорунун орун басары катышты. КТРК тарап дебаттын видеосун өчүрүп салганын техникалык себептерге байланыштырып, бирок толук кандуу түшүндүрүп бере алган жок. Жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан дебаттын видеосунун өчүрүлүүсүнө жол бергени үчүн КТРКнын башкы директоруна 5500 сом айып пул салуу, видеону кайрадан калыбына келтирүү жана акы төлөнүүчү кызматтар аркылуу социалдык тармактардан таратууга КТРКнын жетекчилигин милдеттендирүү сунушу БШКга берилди. Акыркы чечимди БШК кабыл алат", - деди Аманбеков.

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 47-колонияга которулду
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан 47-колонияга которулду.
Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу туура чечим болмок.
"Алмазбек Атамбаев 28-декабрда ден соолугуна байланыштуу колонияга которулду. УКМКнын СИЗОсуна караганда 47-колониянын шарттары албетте жакшы. Бирок ал шарттар да Атамбаевдин ден соолугуна тиешелүү кам көрүү үчүн жетишсиз болууда. Буга байланыштуу аны үй камагына которуу туура болмок деп эсептейбиз. Бирок мындай чечимди чыгаруудан соттор баш тартышууда", - деди Жоошев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары, кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу жана башка фактылар боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон. Ал 2019-жылдан бери абакта болуп келет.

Тилек Токтогазиев 4 миң кызматкерди жумуштан алганы айтылды
Социалдык тармактарда
Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 4 миң кызматкерин иштен алгандыгы тууралуу маалымат тарады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы бул маалымат
чындыкка дал келбей турганын айтты.
Тилек Токтогазиев министрликке келгенге чейин эле 888 кызматкер иштеген.
"Учурда оптимизация процесси башталды, бирок алгач жаңы структураны бекитүү керек", - деди басма сөз кызматкери.
Буга чейин социалдык тармактарга Айыл чарба министрлигинин 4 миң кызматкери иштен алынып, 800 гана адам иштеп жаткандыгы боюнча маалымат жарыяланган.
Кара-Суудагы коркутуу боюнча маалымат укук коргоо органдарына билдирилди
Кара-Суудагы коркутуу боюнча Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына билдирилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
"2-январда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында спорттук дене түзүлүштөгү келбеттүү адам үйлөрдү кыдырып, эгер президенттик кызматка талапкер Садыр Жапаров шайлоодон көпчүлүктөн добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып коркутуп жүргөндүгү тууралуу айтылган", - деп жазылат маалыматта.
10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт.
