Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медер Сатиев "ата журтчу" депутаттарды актаганы үчүн эмес, соттук процессте эреже бузгандыгы үчүн иштен айдалды. Муну 3-октябрда КРнын Соттор кеңеши маалымдады.
Соттор кеңеши 2013-жылдын 27-сентябрында КРнын Конституциялык мыйзамынын 26-28-29-беренелерине ылайык, Зулушев менен Сатиевди жумушунан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Депутаттардын иши боюнча Соттор кеңеши кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп, процессуалдык нормаларды аткарууда мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. "2013-жылдын 17-июнунда апелляциялык инстанциянын соттук жыйынында аталган судьялар мурунку депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин 2013-жылдын 24-июнуна жылдыруу чечимин кабыл алышкан. Бирок соттук процесстеги катышуучулардын басмырлоосунан кийин ишти кароону улантып, актоо чечимин чыгарышкан. Текшерүүлөрдө, соттор чечимди макулдашуучу бөлмөдө компьютер жоктугунан улам колдо жазышкан жана 5 күн аралыгында чечимдин компьютерде жазылган кошумчалары жана өзгөртүүлөрү бар тексти чыкканын, документтерде колдо жазылган чечим көрсөтүлбөй калганы аныкталды. Бул Конституциянын нормаларын бузуу деп эсептелинет. Ушул негизде судьялар кызматтан алынды",- деп билдирет Соттор кеңеши.