Ош. Шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттигинин жетекчилиги айдоочулар менен жолугушуу өткөрөт

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттигинин жетекчилиги 7-октябрда айдоочулар менен жолугушуу өткөрөт. Жолугушуу шаардын Түштүк-Чыгыш кичи районунун акыркы аялдамасында болот. Иш-чаранын жүрүшүндө жүргүнчү ташыган автоунаалардын жаңы схемаларын жана санитардык-техникалык абалын текшерүү, айдоочулар арасында тартипти күчөтүү өңдүү маселелер талкууга алынат. Бул тууралуу аталган агенттиктен бүгүн, 3-октябрда кабарлашты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан