Атактуу ырчы Майкл Жексондун өлүмүнө AEG Live компаниясынын тиешеси жок деп табылды

АКШнын Лос-Анжелес шаарында сот атактуу ырчы Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын тиешеси жок деп тапты. Ырчынын туугандары AEG Live компаниясын Жексондун өлүмүнө күнөөлөп, сотко кайрылган эле. Алардын айтымында, Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррейди ырчыга дал ушул компания жалдап берген. 12 адамдан турган сот арачылары AEG Live компаниясы Мюррейди жалдап бергенин тастыктап, бирок алардын кадамында мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыгарды.  

Эске салсак, Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында көз жумган. Анын өлүмү үчүн мурдагы жеке дарыгери Конрад Мюррей күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Мюррей Жексонго уйку дарысын ашыра берип, коопсуздук чараларын көргөн эместиги айтылган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан