Таласта газ баллону жарылган тез тамактануучу жайдагы окуя: Жабыркагандардын арасында 2 жашар наристе бар

Кечээ, 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма сити" тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анда 11 адам жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталы Кара-Буура райондук оорукананын жетекчиси Улан Бийгелдиевге байланышканда, ал бейтаптардын абалы тууралуу буларга токтолду.

"Алгач 11 адам ооруканага түшкөн. Бейтаптардын бири катуу коркуп калгандыктан ага амбулатордук жардам көрсөтүлүп, андан кийин үйүнө жөнөтүлгөн. Дагы эки бейтап Талас облустук биргелешкен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Азыркы тапта 4 жарандын абалы өтө оор. Жабыркагандардын арасында 2 жашар наристе бар. Биздин райондук ооруканада 8 бейтап жатса, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Кээ бир жабырлануучуларыбыз денесинин 70-80 пайызы күйүк алса, кээ бириники 5 пайыз.

Ооруканада дарылар жетиштүү, дарыгерлер колдон келгенин кылып жатышат. Ошондой эле Талас элинен суранып кетерим, кимде ким жардам иретинде кан бергиси келсе, кан борборуна келип тапшырып кетүүңөрдү суранып кетем. Себеби жабыркагандарга кан керек болууда", - деди Бийгелдиев.

Башкы дарыгердин айтымында айрым WhatsApp группаларда кырсыктан жабыркаган адамдарын сүрөттөрү тарап жатат. "Сүрөттөрдү таратуу бул бейтаптын абийирине шек келтирүү болуп саналат, андыктан аларды жайылтпоо керек", - деп кошумчалады райондук оорукананын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан