Бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Жолугушууда министр өлкө башчыга Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Торугарт, Түп-Кеген, Кубакы-Балыкчы унаа жолдорунун курулушу жана Ош-Баткен унаа жолунун Ноокат ашуусундагы бөлүгүн оңдоо иштери туурасында маалымат берди.
Мындан сырткары өлкөнүн түндүк жана түштүк аймагын бириктирген альтернативдүү унаа жолун куруу маселеси талкууланды.