Жалал-Абад. Өзбекстанда камакта жаткан Ала-Бука районунун 2 тургуну бошотулду

Өзбекстандын Наманган облусунда камакта жаткан Ала-Бука районунун 2 тургуну бошотулду. Муну 3-октябрда Жалал-Абад облустук администрациядан кабарлашты. Кыргыз жарандары 2013-жылдын 1-мартынан бери коңшу өлкөдө камакта жаткан. 1-мартта Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Башат айылынын 2 улакчысы Наманган облусуна көк бөрү оюнуна катышуу үчүн чакырылат. Барган 2 жигитти өзбек тарап чек араны мыйзамсыз бузуп өттү деп айыптап камакка алышканы белгилүү болду. Бул ишке Жалал-Абад облусунун башчысы Жусубали Торомаматов кийлигишип, улакчылар Ильяз Барпиев менен Каныбек Базарбаев 2-октябрда Өзбекстандан чыгарылды. "Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарыбызды аман-эсен чыгарып берүүгө көмөктөшкөнү үчүн облус башчыга жана бардык бийлик, күч органдарына ыраазычылык билдирем",- дейт улакчылардын биринин атасы Лутпидин Базарбаев. Ал эми Ильяз Барпиевдин атасы Сапарбай Барпиев балдарга эч кандай күч колдонулбаганын, ден соолуктары жакшы экенин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан