Өлкөдө форма-2нин жокко чыгарылгандыгына байланыштуу президенттик шайлоого 450 миңдей жаран катыша албайт. Бул тууралуу узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперт Арсланбек Өмүрзаков маалымат жыйын учурунда айтты.
"Форма-2нин жокко чыккандыгына байланыштуу көптөгөн адамдар шайлоого катышпай калат. Форма-2 жокко чыккандан кийин болжол менен 450 миңдей адам шайлоо укугунан айрылышат", - деди Өмүрзаков.
Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Учурда 17 талапкер ат салышууда.