
Коюу туманга байланышту "Ош" эл аралык аэропортундагы ички жана тышкы аба каттамдар кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 4-январь күнү саат 18:20дан бери коюу туман кармалып турат. Мындан улам 5-январда аба ырайынын шартына байланыштуу (жакшы көрүнбөгөндүктөн) аба каттамдары кармалууда. Ага ылайык:
- Бишкек-Ош-Бишкек (2 каттам «Тез Жет» авиакомпаниясынын);
- Ош-Бишкек («Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы);
- Москва-Ош-Москва («Аэрофлот» авиакомпаниясы);
- Москва-Ош-Москва (2 каттам «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын).
"Каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алууну өтүнөбүз - 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101. Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барышат.
Түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Коопсуздук бардыгынан жогору турат!", - дешти мекемеден.