Садыр Жапаровго көбүрөөк даттануулар болуп жатат. Президенттикке талапкерлер 105 миллион сомдон ашык каражат чыгымдашты. Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 5-январь, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.

Үгүт иштеринде Садыр Жапаровго көбүрөөк даттануулар болуп жатат

Бүгүн, 5-январда "Жалпы иш" коомдук бирикмесинин узак мөөнөттүү байкоочулары президенттик шайлоого карата даярдык боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.

Анда байкоочулар президенттикке талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровго көбүрөөк даттануулар келип жатканын билдиришти. Садыр Жапаровго административдик ресурстарды колдонуу, добуш сатып алуу, агитаторлорду, байкоочуларды, шайлоочуларды коркутуу боюнча даттануулар келип түшкөн.

Мындан тышкары эксперт Арсланбек Өмүрзаков президенттикке талапкерлерден учурда 4 талапкер үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жатканын айтты.

"Биздин изилдөөлөрдүн жыйынтыгында талапкерлердин ичинен 4 талапкер үгүт иштерин активдүү кылып жатышат. Аларды атап кетсек, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев жана Курсан Асанов. Бул талапкерлер учурда үгүт иштерин катуу жүргүзүп жатышат", - деди Өмүрзаков.

Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө элек

Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна качан жөнөтүлөрү белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

"Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна качан жөнөтүлөрүн өзүбүз да билбейбиз. Бүтө албай жатабыз. Жумуш көп болуп жатат. Менин сунушумду киргиз дегендер толтура", - дейт ал.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкан.

Президенттикке талапкерлер 105 миллион сомдон ашык каражат чыгымдашты

Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу 31-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 17 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Президенттикке талапкерлердин аты-жөнү

Келип түштү

Чыгымдалды

1

Жапаров Садыр Нургожоевич

62 049 700

57 531 126

2

Исаев Канатбек Кедейканович

1 412 000

1 348 620

3

Арстанбек Мыктыбек

1 117 000

1 115 750

4

Сооронкулова Клара Сыргакбековна

1 128 650

1 050 080

5

Ташов Имамидин Асамидинович

4 924 600

4 924 600

6

Сегизбаев Абдил Кенешевич

4 609 910

4 546 510

7

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

2 847 100

2 845 676

8

Касенов Аймен Абдыталипович

3 872 805

3 758 398

9

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

1 724 890

1 634 383

10

Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

3 337 850

2 963 867

11

Абакиров Эльдар Курманбекович

1 581 893

1 563 636

12

Асанов Курсан Сатарович

2 576 656

2 494 264

13

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

2 310 000

2 305 415

14

Жээнбеков Равшан Бабырбекович

3 159 250

3 143 673

15

Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

1 419 020

1 410 151

16

Тольбаев Бабыржан Латиханович

14 224 572

10 872 523

17

Иманалиев Каныбек Капашович

1 962 568

1 962 320

Бардыгы:

114 258 464

105 470 992

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов үй-бүлөсү менен коронавирус илдетин жеңди

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов үй-бүлөсү менен коронавирус илдетинен айыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.

Боронов ооруканадан жаңы жылга чейин чыгарылган. Учурда ден соолугу жакшы экени айтылды.

Буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булагына таянып, Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада коронавирус илдетинен дарыланып жатканын жазган.

Ал эми медицина тармагындагылар бул маалыматты тастыктап, анын жандандыруу бөлүмүндө экенин айтышкан.

Боронов былтыркы жылы октябрь окуяларында отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан