Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Рустам Бекетаев 3-октябрдагы маалымат жыйында айдоочулардын этикасы тууралуу пикирин айтты. “Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча МАИчилерди гана күнөөлөй берүү туура эмес, азыркы айдоочулардын көбү унаа айдоо маданиятын билишпейт”,- деди ал. Айтымында, айдоочулар бири-бирине атаандашып, унаа айдап жол эрежелерин бузушууда. “Дүйшөмбү күнү кыймылды көзөмөлдөп жаткан жол кайгуул кызматкерин жаш балдар сабап кетишти. Аларга бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кызматкер ооруканада жатат”,- деди Бекетаев.