Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Кемин районунун жана Чүй районунун аймактык ооруканасына барып андагы жугуштуу оорулар, балдар жана төрөт бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда узак убакыт бою калдык принциби боюнча каржыланып келген саламаттыкты сактоо тутумун күчтөндүрүү маселесине артыкчылыктуу маани берилүүдө. Медициналык мекемелердин абалы, алардын тийиштүү жабдуулар менен камсыздалышы жана жабдылышы эң маанилүү маселе. Медицина кызматкерлеринин макамы, анын социалдык жактан корголушу жана иштөө шарттары да көңүл борборунда турат. Мындан тышкары, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу маселеси да маанилүү", - деди Сурабалдиева.
"Чүй районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 1998-жылдан бери иштебей турат, имаратка капиталдык ремонт талап кылынат, анын наркы болжол менен 13 миллион сомду түзөт. Аймактык ооруканада жүк ташуучу лифт иштебейт, бул бейтаптарга жана медиктерге оорчулук келтирүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Андан соң вице-премьер-министр Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Республикалык балдар психиатриялык ооруканасына барганы маалымдалат.
"Сапардын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга бейтаптардын дарылануусу жана жашоосу үчүн тийиштүү талаптарды эске алуу менен балдар психиатриялык ооруканасын Бишкек шаарына которуу маселесин иликтеп чыгуу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.