Дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын ичинен Бишкек экинчи орунду ээледи

Бүгүн, 6-январда Бишкек шаарынын абасынын булганышынын деңгээли бир аз төмөндөгөнү менен дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда жайгашууда.

Бишкектеги АКШ өлкөсүнүн элчилигинин абанын булганышын ченөөчү прибор коюлгандыгы маалымдалган. Ага ылайык Бишкек шаарынын абасынын булганышы деңгээлден бир аз төмөндөп, рейтинг боюнча Бишкек экинчи орунда турат.

"Экологиялык Чечимдер Институту" коомдук фонду борборго жана шаар четине орнотулган сенсорлор аркылуу картадан борбор калаанын ар кайсы аймактарындагы AQI орточо маанисин көрүүгө болот. Ал саат сайын жаңыланып турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Абанын сапатынын индекси (AQI) ден-соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулашын
көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми
50дөн төмөн болсо жакшы көрсөткүч экендигин билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан