Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 3-октябрда унду витаминдештирүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдошкон жок. Депутат Дамира Ниязалиева унду байытуу маселесине байланышкан мыйзам долбоорун жактап, ун тегирменде даярдалып жатканда андагы витаминдердин көбү жоголорун жана бул жарандар арасындагы оорулардын өсүүсүнө шарт түзүп жатканын айткан эле. Мындан сырткары унду витаминдештирбеген ишканаларга 2 миңден 5 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштаган. Айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору менен Дамира Ниязалиева өз кызыкчылыгын көздөп жатат деген пикир айтышып, биринчи угууда мыйзам добуш берүүдөн өтпөй калды.