Садыр Жапаров: Мамлекет инвестициялык долбоорлордун жана бүт бизнестин коопсуз иштөөсүнө кепилдик бериши керек!

Кыргыз өлкөсү кризистен кантип чыгат? Бийлик коррупция менен кантип күрөшөт? Тышкы карызды кантип төлөйт? Тегиз жумушсуздук жана миграция маселесин кантип чечет? Президентикке талапкер Садыр Жапаров менен болгон жолугушууларда шайлоочулар тарабынан мына ушул жана экономикага байланышкан башка суроолор эң көп берилет. Президентикке талапкер шайлоо алдындагы платформасындагы негизги тезистерден тышкары, кыргызстандыктарга башкы экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун да сунуштап, кабыл алына турган чараларды түшүндүрүп келет.

Экономикалык мунапыс, бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана коррупция менен күрөшүү

Экономикалык мунапыс өзүнүн натыйжасын эмитеден көрсөттү. Узакка созулган жана кымбатка түшчү соттук процесстер менен натыйжасы жок камакка алуулардын ордуна, өлкө казынасына миллиондор келип түшүүдө жана алар маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө жумшалмакчы. Мамлекеттик түзүлүштүн, кадр саясатынын жаңыланган системасы бизнеске мыйзамдуу иштөө пайдалуу болгудай шарттарды камсыз кылып бериши керек, – деп эсептейт Жапаров. Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында жаңыланган кадр саясаты менен катар мамлекеттин бизнес, жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн мүмкүн болгон бардык ачык жолдорун мыйзамдаштыруу зарыл. Бул коррупциялык түзүмдөрдү жокко чыгарат. Мамлекеттик аппараттын толугу менен ачык-айкын, жеткиликтүү, кесипкөй жана ошондой эле жетекчилердин да, мамлекет башчысынын да жоопкерчиликтүү болушу, коррупция менен болгон күрөшүүдө өз жемишин бериши керек.

Инвестицияларды тартуу, бизнеске кепилдиктер

Президентикке талапкер мамлекет инвестициялык ишканалардын жана ошондой эле жалпы бизнестин коопсуз иштешине кепилдик беришине басым жасайт. Кепилдиктер биринчи кезекте – бул мамлекеттик башкаруудагы туруктуулук. Конституциялык реформа саясий туруктуулукту камсыз кылып, ыкчам, чечкиндүү чараларды көрүү менен өлкөдө болуп жаткан абалга мамлекет башчысы толугу менен жоопкер болот.

ЕАЭБдеги позициялар

ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы позицияларды чыңдоо – бул Кыргызстандын элинин кызыкчылыктары үчүн саясий эркти көрсөтүү, экономикалык позицияларды чыңдоо, ички рынокту кайра иштетүүчү өнөр жай, билим экономикасы жана сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторун камсыз кылуу багыттарындагы өнүгүүсүн камсыз кылуу. Мындай саясат ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандарынын учурдагы абалын жакшыртууга жана өндүрүш кубаттуулуктарынын өсүшүнө жараша аларды мекенине кайтарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул чаралар жана терең экономикалык реформалар менен саясий процесстер, конституциялык реформа аяктап, саясий туруктуулук орногондон кийин жана мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулукка, жоопкерчиликке жана кесипкөйлүккө негизделген жаңы системасы киргизилгенден кийин гана алектене баштоо зарыл, – деп эсептейт президентикке талапкер Садыр Жапаров.

ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЖОЁБУЗ!

БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРСИЗДИГИН ЖОЁБУЗ!

КҮЧТҮҮ ПРЕЗИДЕНТ ҮЧҮН!

САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: SUPER.KG; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Жибек-Жолу көч. 381,

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 6-январында даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан