"Кыргызстандын бир чарчы жери дагы башка мамлекеттерге берилбеши керек". Абдил Сегизбаев Баткен жана Жалал-Абад облустарынын шайлоочулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Абдил Сегизбаев 4-5-январь күндөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Баткенде чогулган шайлоочулар менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 30 жылдан бери элди Кыргызстан - жакыр өлкө экендигине ынандырууга аракет жасалып келе жаткандыгын белгиледи. «Көчөдө жүргөн адамдарды карасаң, жүзүнөн жылмаюу көрө албайсың. Көпчүлүгү маанайы суз, эртеңки күн кандай болор экен деп кыжаалат болуп жатканы байкалат. Ал ортодо айрым адамдар плакаттан бажырайып жылмайып, эч нерсе менен иши жоктой, аткаминерлер болсо эс алып, тойлор менен ар кандай турнирлерден колу бошобой, чардап жүрүшөт», - деп баса белгилеп, бийликке ким келсе да, байлыгын арттырып, бийлигин бекемдөөнүн камында болуп келгендигин кошумчалады.


Президенттикке талапкер карапайым калктын камын ойлоп, жүгүн артынууга даяр экендигине ынандырып өттү. "Мен жарандарыбыздын жашоосун жакшы жакка өзгөрткүм келет", - деди ал.

Абдил Сегизбаев өзүнүн шайлоо алдындагы платформасы жөнүндө сөз кылып, өлкөдөгү туруктуулукту, коопсуздукту жана ынтымакты сактоо боюнча пландары менен бөлүштү.

Талапкер ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоону, мамлекеттик органдардын ишин тыкыр талдоону, алардын чыгымдарын оптималдаштырууну, өлкөдө түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн “Реформалар кеңсесин” уюштурууну пландоодо.

Ошондой эле Абдил Сегизбаев Кыргызстандын экономикасын реформалоо, бизнести, анын ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, сатуу рыногун камсыз кылуу, өлкөгө инвестицияларды тартуу, жергиликтүү өнүмдөрдүн экспортун өнүктүрүү жана экономиканы көмүскөдөн чыгаруу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Андан тышкары, талапкер 5 жыл ичинде жарандардын, айрыкча жаштардын, саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, маданият жана илим чөйрөсүндөгү ишмерлердин турак-жай маселелерин чечип берүүнү көздөй тургандыгын белгиледи.


Пенсиялар менен социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү маселесине токтолуп, Абдил Сегизбаев депутаттар менен министрлердин айлык акысын Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмүнө теңдей тургандыгын пландап жаткандыгын айтты. «Алардын эч кандай жардамчысы, катчысы жана кеңешчиси болбойт. Эгер айлыктарын көтөргүсү келсе, алгач пенсияны көбөйтүшсүн», - деди ал.

Андан тышкары, талапкер мамлекеттеги жогорку кызмат адамдары үчүн резиденциянын, кортеждердин кереги жок экендигин кошумчалады. Анын пикири боюнча, бийлик өкүлдөрү катардагы жарандардай жашашы керек, ошондо алар кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн жакшыраак билип, чечүүгө аракет кылышат.

Абдил Сегизбаев ошондой эле саламаттык сактоо тутумун реформалоону, тактап айтканда, заманбап клиникаларды курууну, тажрыйба алмашуу үчүн чет элдик адистерди ишке тартууну жана Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүнү пландоодо. Билим берүү жаатында да ушундай эле реформалар жүргүзүлмөкчү.

«Эгер өлкөнү базаркомдор, уурулар, жемкорлор жана бандиттер башкарса, анын келечеги болбойт. Эгер өлкөнү интеллигенция менен кесипкөй адамдар башкарса, анын келечеги кең болот. Ошондуктан, биз өлкөбүздүн интеллигенциясына өзгөчө көңүл бурушубуз керек», - деп белгилеген талапкер Кыргызстандын улгайган жарандары үчүн дөөлөттүү карылыкты камсыз кылуу үчүн бардыгын жасоого ниети бар экендигин кошумчалады.

Президенттикке талапкер республикада пандемияга байланыштуу киргизилген карантин учурунда аялдарга жана балдарга карата зомбулук жасалган учурлардын саны көбөйгөнүн эске салды. Ал зомбулукка жана соттор тарабынан зөөкүрлөрдүн акталып чыгышына жол берилбеши керектигин белгилеп, кыргыздар илгертен эле аялзатына сый-урмат менен мамиле кылып, барктап келишкендигине көңүл бурду.

Өз шайлоо алдындагы программасы жөнүндө сөз кылып жатып, Абдил Сегизбаев сот тутумун жана тышкы саясатты реформалоо пландары тууралуу да сөз кылды.


Чек ара маселелерине токтолуп, талапкер “кыргыз жеринин бир дагы сантиметрин” башка мамлекеттерге берүүгө болбойт деп билдирди. "Ата-бабаларыбыз өз эли, жери үчүн жанын аяган эмес", - деди ал жана учурунда айтылуу Александр Македонский да Индияга бараткан сапарда кыргыз элинин эр жүрөктүгүнө таң калып, суктангандыгын кошумчалады.

Абдил Сегизбаев белгилегендей, чек ара маселелерин чечүү жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга башка өлкөлөр аны менен эсептешип, сыйлай турган татыктуу бийлик керек. «Азыр чет жактарга барып жаткан аткаминерлерди карап отуруп уяласың. Билими жок, эки сөздүн башын кошо албайт. Экинчи тарап өз кызыкчылыгын жүйөлөштүрүп сүйлөгөндө биздикилер унчуга албай отуруп беришет. Анан бардыгынан куржалак калышат. Ошондуктан, өнөктөштөр менен тең ата сүйлөшүп, биздин кызыкчылыгыбызды коргой турган бийликти тандап алышыбыз керек», - деди ал жана чектеш аймактарда жашаган жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип, Баткен облусунда ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүп берем деп убада берди.


Андан соң шайлоочулардын суроолоруна, каалоо-тилектерине кезек берилди. Жергиликтүү тургундар президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевди колдоп, шайлоодо ийгиликке жетүүсүн каалай тургандыктарын ырастап, батасын беришти.

Кардар: Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич. Даярдалган күнү: 6-январь 2021-жыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан