Бишкекте "Жер шарынын үстүнөн учуу" аттуу көргөзмө ачылды

Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 2-октябрда “Жер шарынын үстүнөн учуу” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө дүйнөлүк космонавтика тарыхындагы белгилүү окуяга 56 жыл толгондугу үчүн уюштурулду. 1957-жылдын 4-октябрында космоско алгачкы жасалма спутник коё берилген. Көргөзмөдө 22 эмгек коюлду, анын 18и космонавттардын жана белгилүү космостук техника конструктору Сергей Королёвго таандык. Эмгектердин катарында Юрий Гагарин, Герман Титов, Валентина Терешкова, Павел Попович, Георгий Береговой, Алексей Леонов, Пётр Климук, ошондой эле Советтер Союзунун, КМШ жана Болгариянын космонавттары орун алган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан