Бүгүн, 3-октябрда Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык кеңешинде от казандын ачылышы болду. Аталган иш-чарага шаардын вице-мэри Ильяз Ражапов, “Ош жылуулук” ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Алишеров катышты. От казандын ишин жакшыртууга жергиликтүү бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Кубанычбек Алишеровдун айтымында, аталган от казан кышка даяр жана үзгүлтүксүз иштейт. Мындан сырткары бул күнү Ак-Тилек аймактык кеңешинде балдар ойноочу аянттын ачылышы болду. “Аталган балдар аянты шаардык мэриядан жашоочуларга белек болду, эми мындан ары таза колдонушубуз керек”,- деди вице-мэр Ильяз Ражапов