Жаңы паспортко документ тапшыргандар шайлоого чейин паспортторун алса болот

Бүгүн, 6-январда вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун катышуусунда өкмөт үйүндө брифинг өтүп жатат. Анда алдыдагы шайлоого даярдыктар тууралуу БШКнын, министрликтердин, облус, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышууда.

ТИМдин өкүлү: "Чет мамлекеттерде 48 шайлоо тилкелери иштейт. Чет мамлекеттерде 47 миң 309 шайлоочу катталды. ЖМКлардан 93 өкүл аккредитациядан өттү.

Өткөн шайлоодо техникалык кыйынчылыктар болгон. Ошого шайлоо процессине күчтүү техникалык топ тартылышы керек деген сунушумду айтат элем".

Брифингдин жүрүшүндө жаңы паспорт алууга арыз бергендер 7-январдан баштап иш күн эмес болгонуна карабастан паспортторун алууга мүмкүн экендиги айтылды. Бул жарандардын шайлоого катышуу укугун кеңейтүү үчүн уюштурулганын белгиледи.

"Паспорт алууга документ тапшыргандар 7-январдан 10-январга чейин эртең мененки саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин барып паспортторун алып кетсе болот. Бирок калкты тейлөө борборлорунда 7-январдан 10-январга чейин башка кызматтар тейленбейт" , - деди Мамлекеттик каттоонун төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Argenz
2021-01-06 19:42:47
Улуту жазылган паспорт берилеби Эми?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан