Шайлоо күнү тартипти сактоого элдик кошуундар жардам берет

Шайлоо күнү Элдик кошуундар укук коргоо органдары менен тыгыз иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда шайлоо жана референдумду уюштуруу, өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Элдик кошуундардын атайын белгилери болушу шарт. Себеби алар шайлоочуларга жана шайлоо комиссияларына дагы белгилүү болушу керек. Элдик кошуундар шайлоо күнү тартипти сактоого гана жардам берет. Башка максаты жок. Алар шайлоо комиссияларынын ишине кийгилишпейт", - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан