Теледебат: Президенттикке талапкерлердин кезектеги теледебаты өттү (хронология)

Бүгүн, 6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү. Ага Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышты. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.

2021-01-06 22:51:00

Ушуну менен президенттикке талапкерлердин кезектеги теледебаты жыйынтыкталды.

2021-01-06 22:33:00

"Биздин 110 миңден ашык партиялашыбыз бар. Бүгүн мен 1 гана унаа менен жүрөм. Алардын жардамы менен бүгүн мен 6-7 унаа менен жүрсөм да болот. Ушундай колдоочуларым бар болгону үчүн Кудайга шүгүр келтирем", - деди Адахан Мадумаров.

2021-01-06 21:58:00

"Бир депутат Кытайда төрөлүп-өскөн. Кытайдын бир губернаторунун кызына үйлөнгөн. Кийин кыргыз жарандыгын алып депутат болду. Анын бизнестеринин артында кытайлар турат экен. Ошол адам азыр бир талапкердин жанында жүрөт. Ошондон улам ал талапкер Кытайдын агенти деген кептер тарап жатат. Урматтуу калайык, жадакалса бейтааныш адамга карыз акча бериш үчүн алгач анын кандай адам экенин териштиребиз. Азыр мамлекеттин тагдыры чечилгени турганда мына ошондой маалыматтарды териштирип алып, анан гана добуш беришибиз керек. Адашып мамлекетти чет элдин агентинин колуна карматып албайлы", - деди Канатбек Исаев.

2021-01-06 21:47:00

"Президенттик аппараттын чыгымдарын сөзсүз түрдө кыскартыш керек. Президент эл үчүн иштеши кажет. Биз айткан сөз менен кылган иши дал келген президентти тандап алышыбыз зарыл", - деди Курсан Асанов.

2021-01-06 21:35:00

Дебаттын экинчи раунду башталды. Бул раундда талапкерлер бири-бирине суроо беришет.

2021-01-06 21:31:00

"Билим берүү тармагын калктын өзгөчөлүктөрүнө жараша түзүү керек. Биз тоолук элбиз, ошондуктан билим берүү тармагы ага ылайык болушу зарыл. Анткени биздин мүнөзүбүз башка элдерден айырмаланып турат. Мугалимдердин статусун жогорулатуу да учурдун негизги талаптары", - деди Аймен Касенов.

2021-01-06 21:23:00

"Өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи билим берүү тармагы болушу керек. Бул тармакты өнүктүрмөйүнчө башка тармактар эч качан өнүкпөйт. Буюрса, мен президент болсом миллионго жакын Кыргыз жараны чет өлкөдө жумуш издебей өз мекенинде иштейт", - деди Канатбек Исаев.

2021-01-06 21:16:00

"Эгерде мен шайлоодон жеңсем өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн кайра жаралуу доору башталат", - дейт Канатбек Исаев.

2021-01-06 21:14:00

"1 миллион Кыргыз жараны сыртта жүрөт. Онлайн шайлоону коё туруп ошолордун укугун ордуна коюшубуз керек. Мен президент болсом сыртта жүргөн мигрант балдар өлкөдө, ата-энесинин кучагында болот", - деди Адахан Мадумаров.

2021-01-06 21:10:00

"Бүгүнкү күндө мугалимдерди, дарыгерлерди мажбурлап талапкерлер менен жолугушууга алып келип жатышат. Анан кантип таза шайлоо болоруна ишенебиз? Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөндө гана таза шайлоо болот", - деди Эльдар Абакиров.

2021-01-06 21:03:00

"Жалал-Абаддагы штабымдагы сүрөттү алып коюшуптур. Мейли, мен ага эч нерсе дебейм. Ошол сүрөт илинип турган имараттын кызматкерлерине көйгөй жаралышын каалабайм. Дубалдан алынса да менин сүрөтүм 6 миллион кыргыздын жүрөгүндө болот деп ишенем. Буюрса, 10-январда элдин колдоосу менен, мыйзамдуу жол менен президент болуп шайланам деген ишенимим чоң", - деди Курсан Асанов.

2021-01-06 20:37:00

Суроо: Эмнеге парламенттик башкаруу системасы өзүн актай алган жок?

Адахан Мадумаров: "Биз парламенттик башкарууну көргөн жокпуз. Парламент өзүн элге жаман көрсөттү дейсиз, а парламенттин курамын ким түзгөн? Президент түзгөн".

Канатбек Исаев: "Биздин өлкөдө 2010-жылдан кийин бардык маселелерди президент гана чечти. Премьер-министр өзү билип эч кандай кызматтык дайындоого укугу болгон жок. Тилекке каршы, биздин өлкөнүн коомдук каналы бийлик даярдап берген суроолорду берип жатышат". 

Эльдар Абакиров: "Жаман адамдар өлкөнү башкарса жакшы система да терс натыйжа берет. Иш жүзүндө баарын президент тескеп турду. Көйгөй парламенттик же президенттик системада эмес".

Аймен Касенов: "Байларга тиешелүү болгон партиялар пайда болду. Алардын каалаган адамдары парламентке келди. Мунун баары элдин бийликке болгон ишенимин жок кылганга түрткү болду".

Курсан Асанов: "Парламенттик башкаруу боло элек. Эгерде мен президент болсом 100 пайыз парламентаризм болот. Бир адамдын хандык башкаруусуна эч качан жол бербейбиз".

 

2021-01-06 20:16:00

Дебаттын биринчи раунду башталды. Бул раундда алып баруучулар талапкерлерге суроо беришет.

Суроо: Өлкөдө президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүү алдында турат. Эмне үчүн 2010-жылы башкаруу формасын өзгөртүү учурунда референдум аркылуу элдин пикири суралган эмес?

Адахан Мадумаровдун жообу: "Бул суроого жооп берүүнүн кажети жок. Сөз президенттик шайлоонун айланасында болушу керек".

Канатбек Исаев: "Бул суроону Коомдук канал ошол жылы көтөрүп чыкса жакшы болмок".

Элдар Абакировдун жообу: "2010-жылды талкуулагандын мааниси жок. Биз өткөн 2020-жылды карайлы. Көптөгөн көйгөйлөр бар. Ошондуктан азыр референдум өткөрүүгө негиз жок".

Курсан Асановдун жообу: "Кандай гана башкаруу формасы болбосун элге жакшы жашоо алып келиши керек. Эгерде тарыхты тапанча менен атсаң эртең келечек замбирек менен атат".

Аймен Касеновдун жообу: "Муну талкуулагандын кереги жок. Азык-түлүктүн жетишсиздигин, энергетикадагы көйгөйлөрдү талкууласак жакшы болот эле".

2021-01-06 20:06:00

Алып баруучулар менен Адахан Мадумаровдун ортосунда түшүнбөстүк пайда болду. БШКдан келген дебаттын эрежелерин окуган алып баруучуга Адахан Мадумаров каршы пикирин билдирип, бул кайсы бир "ыйык талапкер" үчүн атайын даярдалган эреже экенин айтты.

2021-01-06 20:04:00

Талапкер Садыр Жапаров бүгүн дагы дебатка келген жок. Алып баруучулардын айтымында Жапаров аймактарда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндүктөн түз эфирге келе алган эмес.

2021-01-06 20:01:00

Талапкерлердин дебаты башталды. Учурда алып баруучулар талапкерлерди дебаттын шарттары менен тааныштырууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
NURSAPAR
2021-01-06 21:26:34
Оой Курсан сүйлөштү үйрөн
+3
Bekulas
2021-01-06 21:32:23
Садыр аванар дагы келбей койуптурго...
+2
bond0202
2021-01-07 11:19:04
Bekulas,келиш учун дух керек да.кара сууда раимдин сыйын коруп журот дебаттан качып
+1
make2
2021-01-07 00:57:30
Туура тандоо Мадумаров 8 ☑️☑️☑️
+1
jergetal
2021-01-07 04:12:58
Садырдан айланып кеткиле, Мадумаровко өмүр бою талапкер деген наам бериш керек и всё...
0
Jaraisyn
2021-01-07 05:46:53
2010-жылды эр болсоңор талкуулабайсыңарбы? Жооп берүүдөн качпай.
0
Kombi
2021-01-07 09:18:53
Jaraisyn, талкууласа эле ордуна келеби ал 2010 жылдагы закон аны эмнеге сурайт. Ал суроону азыркы бийлик тергесин жоопко тартсын ошолордун иши
0
KGZ-RUS
2021-01-07 11:04:29
Адахан Мадумаров 8
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан