Түркиянын президенти Абдулла Гүл 2-октябрь күнү Анкарадагы резиденциясында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу 3-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Президент Гүл Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий алакалардын өнүгүшү бекемделип жатканын, маданий-гуманитардык тармакта кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Султан Раев 1-2-октябрь күндөрү Анкарада Эл аралык түрк маданиятынын 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.