Кечээ, 6-январда КТРК коомдук телеканалында президенттике талапкерлердин кезектеги теледебаты болуп өттү. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышышты. Ал эми дагы бир талапкер Садыр Жапаров дебатка келүүдөн баш тартып, ал "ушак дебатка" айланганын билдирген болчу.
Дебат учурунда Адахан Мадумаров, Канат Исаев өңдүү талапкерлер алып баруучулардын суроолорун кескин сындап, коомдук канал дагы деле бийликтин алдында калгандыгын билдиришкен. Алар менен интернет колдонуучуларынын көпчүлүгү макул болуп, дебаттын алып баруучуларын "татыксыз" алып барды деп жазышуууда.