Кечээ, 6-январда Коомдук телерадио корпорациясынын түз эфиринде президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин кезектеги дебаты болуп өттү. Алдын ала белгилүү болгондой, бул ирет да Садыр Жапаров дебатка катышкан жок. Ал эми калган талапкерлер толугу менен түз эфирде болушту.
"Бир ыйык адамдын" атын атабоо үчүн ойлонуп табылган эрежелер"
Дебаттын алып баруучулары Адахан Мадумаровдун купулуна таптакыр толгон жок өңдөнөт. Эфирдин баш жагында Борбордук шайлоо комиссиясынан келген "кайсы бир талапкерге карата тескери үгүт жүргүзүүгө, терс пикирлер басымдуулук кылган билдирүүлөрдү айтууга тыюу салынат" деген эрежелер Мадумаровдун нааразычылыгына түрткү болду. Ал мындай эрежелерди "бир ыйык адамдын" атын атабоо үчүн ойлонуп табылган эрежелер деп атап, БШКнын расмий билдирүүсүн талапкерлерге таратып берүүнү талап кылды.
Эфир башталары менен маанайы түшкөн Мадумаров алгачкы 1 мүнөттүк убактысынын дээрлик баарын жогоруда айтылган эрежеге карата нааразычылыгын билдирүүгө коротууга аргасыз болду.
"Башталбай жатып "ыйык адамга" карата сөз айтууга мүмкүн эмес деп тыюу салып жатасыңар. Дебат деген ушундай айтыш болот. Бири-бирин тактап, кетирген кемчиликтерин айтат. Аны жамандоо катары кабыл албаш керек. Ошон үчүн калк таразасына түшөлү деп келип отурабыз", - деди Мадумаров.
"Эмне үчүн 2010-жылда Мадумаровду колдоп койгон жоксуңар?
Адахан Кимсанбаевичке алып баруучулардын суроолору да жаккан жок. "Эмне үчүн 2010-жылы башкаруу формасын өзгөртүүдө элдин пикири суралып, референдум өткөрүлгөн эмес?" деген суроого жооп берүүнүн азыр кажети жок экенин белгиледи.
"Эмне үчүн 2010-жылда Мадумаров ушул боюнча айтканда колдоп койгон жоксуңар? Сиз бир кишинин кызыкчылыгын коргоп жаткандан кийин мен ушул суроону берип жатам. Өзү болсо мүмкүн өзүнөн сурайт элем. Суроону койгондо туура коюш керек. Түркия 90 жыл парламенттик башкаруудан кийин президенттик мамлекетке өтөбүзбү деп 14 жыл талкуулады. Азыркы биздин азаматтар 14 жума да талкуулаган жок. Президенттик башкаруу деген эмне, парламенттик башкаруу деген эмне? Алгач түшүнүш керек", - деди Мадумаров.
"Кыргыз коомчулугу парламенттик башкаруу формасы өзүн актай албады деген пикирде. Сиз мындай көз караш менен макулсузбу?" деген суроого талапкер алып баруучулардын тажрыйбасы аз экендигин айтты.
"Эмне себептен Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиеваны алып, ордуна силерди коюшту? Анткени алар тажрыйбалуу алып баруучулар эле. Силерге окшоп, алар айтылган нерселердин баарын аткара берчү эмес. Силер керексиз багытка буруу аркылуу уурулук жол менен бийликке аракеттенип жаткандардын абалын бекемдөөгө жардам берип жатасыңар. Мындай нерсе менен мамлекеттик телекомпания ар дайым алектенип келген, азыр да ошондой болууда.
Урматтуу кыргыз эли, кимди, кантип, эмне үчүн тандап жатканыбызды билишибиз керек".
"Аба ырайы жакшы болот"
Алып баруучунун кийинки суроосу талапкерлерди гана эмес, көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучуларын да таң калтырды. "Синоптиктер божомолдогондой 10-январда күн ачык болот. Бул шайлоого жарандардын активдүү катышуусун шарттайт. Сиз ким жеңет деп ойлойсуз? Шайлоонун жыйынтыгы менен макул болосузбу же аянтка тарапташтарыңызды алып чыгасызбы? деген суроо социалдык тармактарда ар кандай шакабалардын жазылуусуна себеп болду.
Адахан Мадумаров жылмаюу менен "мындай суроолорду бергиле деп силерге ким айтып жатат?" деп суроо узатты. "Бул суроону мен даярдагам" деген алып баруучунун жообуна Мадумаров "мен өмүр бою элдин алдында жүргөм. Эл кандай добуш беришти, кимди шайлашты өзү чечет. Эл менен чогуу болуп, кандай талап коюлса ошону аткарабаз. Кудай буюрса, шайлоодон мен жеңем, бул жерде турган команда жеңет" деди.
Атайлап ушинтип жатасыңарбы?
Дебаттын 2-раундунда талапкерлер бири-бирине суроо узатышты. Раунддун шарты боюнча талапкерлер жалпы же кайсы бир адамга жеке суроо берүүгө укутуу. Мадумаров Канатбек Исаевге кайрылып, "сиз бир нече маселелерди козгодуңуз, бирок ошол маселелер чын экендиги тууралуу далил фактыңыз барбы? деп сурады. Алып баруучу анын сөзүн бөлүп, "сиз жеке талапкерге кайрылып жатасызбы?" деп сурады. Бөлүнгөн убакыт токтотулбаганын көргөн Мадумаров "сиз атайын ушинтип убакыт созуш үчүн сөзүмдү бөлүп жатасызбы?" деп нааразычылыгын билдирди. Буга алып баруучу эч кандай жооп кайтарган жок.
Шайлоочулардан келген суроолор
"Адахан Кимсанбаевич, сиз өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедиңиз, сиз минип жүргөн унаалар, жашап жаткан хан сарай кайдан келген? Кеңсеңиздин ижарасын ким төлөйт? деген суроо чындап эле телекөрүүчүлөрдөн келгени Мадумаровдун шегин ойготту.
"Ар бир шайлоодо силер сыяктуу балдар, кыздарды даярдап коёт, кийинки шайлоодо алардын аты-жыты жок болот. Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө дасыккан, популярдуу журналисттерди коюшат. Анткени дебаттын жогорку деңгээлде өтүшүнө мамлекет кызыкдар. А бизде тажрыйбасы жок, окууну жаңы бүткөн балдар-кыздарды алып келип, колуна суроолорду кармата коюп эфирге чыгарып коюшат. Алар 100 жолу жооп берсең да кайра 101-жолу бир эле суроону бере беришет", - деди Мадумаров.