Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра унаажолу” көзөмөл өткөрүү бекети 2-октябрда саат 18:00дөн баштап убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу кызматынан билдиришти. Кыргызстан жана Казакстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунда казак тарап аталган бекеттин иши убактылуу токтотулары тууралуу расмий түрдө айтылган. “Каркыра унаа жолу” текшерүү бекети май-октябрь айларында иштейт. Кыргыз-казак чек араларынын аймагында 12 текшерүү пункту бар.