БШК: "Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участокторунда пандус жок"

Өлкөдөгү шайлоо участкаларынын 83 пайызы пандустар менен жабдылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Борбордук шайлоо комиссиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасы туруктуу негизде түзүлгөн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын иш жүзүндөгү так саны эсепке алынат.

Учурда 2021-жылдын 10-январына дайындалган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мөөнөтүнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасы жаңыланды. Пандустар менен жабдуу дагы 185 участкада муктаждык жок. Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участокторунда пандус жок, добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жумуштары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан