Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын ичинен биринчи орунду ээледи

Бүгүн, 7-январга карата Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде биринчи орунду ээледи.

Бишкектеги АКШ өлкөсүнүн элчилиги тарабынан абанын булганышын ченөөчү прибор коюлгандыгы маалымдалган. Ага ылайык Бишкек шаарынын абасынын булганышы деңгээли 412 (AQI) ден соолукка кооптуу деп көрсөттү.

"Экологиялык чечимдер институту" коомдук фонду борборго жана шаар четине орнотулган сенсорлор аркылуу картадан борбор калаанын ар кайсы аймактарындагы AQI орточо көрсөткүчүн көрүүгө болот. Ал саат сайын жаңыланып турат.


АКШнын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгүнүн аймагындагы абанын сапатынын индекси 293 (AQI) түзөт.





Белгилей кетүүчү нерсе, абанын сапатынын индекси (AQI) ден соолукка кооптуу деңгээлинин жогорулашын
көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт. Ал эми
50дөн төмөн болсо жакшы көрсөткүч экендигин билдириет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан