Вице-премьер айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын куруу керек экенин айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөт аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшай турганын айтты. Бул тууралуу ал Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесинин абалы менен таанышты. Имаратта капиталдык оңдоо 30 жылдан бери жасала элек, ал эми медициналык мекеме 3 миңге жакын адамга тейлөө көрсөтөт. Бүгүнкү күндө жаңы имараттын курулушу зарыл.

Эльвира Сурабалдиева тармактык мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылы аталган объектини «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланган объектилердин тизмесине киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Вице-премьер-министр айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгиледи.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери, анын катарында жаш врачтар жана ординаторлор менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Пикир алышуу учурунда саламаттык сактоо тутумундагы актуалдуу маселелердин жыйындысы, анын ичинде медицина кызматкерлерине компенсация төлөө, медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу жана кызматкерлерди социалдык коргоого алуу маселеси талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан