Социалдык тармакка жол боюнда туруп алып, берилип бийлеген жарандын видеосу тарады. Аталган видеону социалдык тармактын колдонуучусу Азамат Абсаттаров өзүнүн баракчасына жүктөп: "шайлоодон кийин чыр болбой, бий болсун! Чоң-Алай районундагы "жүрөгү таза" шайлоочу экен",- деп билдирүү калтырган.
Интернет колдонуучулары маанай көтөргөн бийге өз пикирлерин калтырышып, видеодогу жаран азыркы убакта популярдуу болуп жаткан Тик-Ток колдонуучуларынан алда канча жакшы бийлей турганын жазышкан.