КТРКнын дебатында алып баруучу окуган эскертүү бул мыйзамдагы эрежелер. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумда билдирди.
"Жөнөтүлгөн катта мыйзамдын беренелери камтылып, дебаттын эрежелери жазылган. Биз былтыркы жылы, мурда деле эрежелерди бергенбиз. Бул жалпы эреже. Дебаттын алдында аларга эскертебиз. Бул боюнча түшүндүрмө беребиз", - деди Шайлдабекова.
Дебаттын жүрүшүндө алып баруучу БШК дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкер талапкерге каршы чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкерге каршы терс пикирлерди айтууга чектөө киргизгенин маалымдаган.