Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер Канатбек Исаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу чукул кайрылуу жасады.
Анда ал жакынкы күндөрү БШКда чектен чыккан окуя орун алганы тууралуу билдирген.
"Тилекке каршы, биз ушундай өлкөдө жашап жатабыз. Ток этер жерин айтканда, 6-январда шайлоо жана референдумга даярдануунун алкагында, мыйзамсыз түрдө БШК кызматкерлери менен УКМК кызматкерлеринин катышуусунда добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы, талапкер Садыр Жапаровдун шайлоодо утуп алышына кызыкдар экенин эске алып, БШКда орун алган текшерүүнү мыйзамсыз деп табууну талап кылабыз. Ал урналарды текшерүүдө президенттикке талапкерлер, көз карандысыз эксперттер катышуусу керек болчу. УКМК кызматкерлеринин катышуусу бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган болушу мүмкүн деген күмөндүү ойду жаратты.
Мен жана президенттикке дагы бир талапкер Адахан Кимсанбаевич Мадумаров экөөбүз автоматтык шайлоо урналарын кайрадан талапкерлердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда текшерүүнү талап кылып арыз бердик.
Андыктан мен Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, комиссия түзүлүшүн талап кылып БШКга, Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылуу жөнөттүм.
Тез арада комиссия түзүлүшү керек! Ал комиссияга башка талапкерлердин да, бийликтин да адамдары кирбеши керек. УКМК тарабынан Жамааттык Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен байланышып, тиешелүү маалыматтарды алышы керек.
Комиссияга маалыматты текшерүүгө 10 күн убакыт берилип, бул убакыт аралыгында шайлоо 10 күнгө жылдырылып турушу керек деп эсептейбиз", - деп жазылат Исаевдин маалыматында.