Ноябрдан баштап 2010-жылдын Апрель, Июнь окуяларындагы жабырлануучулардын үй алуу боюнча арызы кабыл алынбайт

Турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы 2013-жылдын 1-ноябрынан баштап 2010-жылдагы апрель, май, июнь айындагы окуялардан жабыркаган жарандардан үй алуу боюнча арыздарын кабыл алууну токтотот. Бул тууралуу 3-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Эске салсак, 27-сентябрда вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги алдында Турак жайды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлгөн. Анда турак жай алуу үчүн түшкөн 21 арыз каралып, 8 жаранга үй берүү чечими чыккан. 9 арызды кайра карап чыгуу керектиги белгилүү болгон. Турак жай алуу үчүн көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, документтердин жоктугунан 4 жарандын арызы кабыл алынган эмес.   

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан