Бүгүн, 7-январда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого жана референдумга карата 333 эл аралык байкоочуну каттады.
Маалыматка ылайык, БШК "Орусиянын жаштар жана балдар Улуттук кеңеши” коомдук бирикмелер ассоциациясынын 17 өкүлүн эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды. 7-январга карата БШК дүйнөнүн 44 мамлекетинен 35 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочуну каттады.