Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча биз Канаданын мыйзамынын чегинде иштөөгө мажбурбуз, анткени "Центерра" компаниясы аталган өлкөдө катталган",- деп билдирди. Депутаттар муну канадалык тараптын алдоосу деп сындашты. "Биз Жогорку Кеңешке меморандумду гана алып келдик. Калган маселелер жаңы келишим түзүү учурунда каралат. Биз рекультивация көйгөйүн да көтөрүп чыктык, буга 50 миллион доллар бөлүнөт",- деди Сатыбалдиев.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.