"Жомогуңузду кайра баштадыңызбы?". "Арстан Алайды мазактагандар маскара болот". "Суроолор "Мекенчил" партиясынын штабынан келди". Президенттикке талапкерлердин теледебаты (хронология)

Бүгүн, 7-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты өттү. Ага Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев катышууда.

2021-01-07 22:36:00

Ушуну менен теледебат соңуна келип жетти.

2021-01-07 22:15:00

Каныбек Иманалиевге "Сиз шайлоо сайын партияңызды алмаштырып турасыз. Бул саясий көз караштын туруксуздугу эмеспи?" деген суроо узатылды.

Талапкер бул суроолор "Мекенчил" партиясынын штабынан келгенин билдирди.

2021-01-07 22:14:00

Равшан Жээнбековго "Президент болуп калсаңыз Орусия менен кантип иш алып барасыз?" деген суроо берилди.

Жээнбеков кошуна мамлекет менен алака түзгөнгө туура келерин айтты.

2021-01-07 22:10:00

Арстанбек Абдылдаевге "Сиз шайлоого бир канча жолу аттанып, бирок жеңишке жеткен эмессиз" деген пикир айтылды.

Талапкер ааламдык мыйзамды жеткирүү үчүн баратканын айтты. "Шайлоодон өтөрүнө ишенем", - деди ал.

2021-01-07 22:06:00

Абдил Сегизбаевге "ЖЭБдеги коррупция боюнча УКМК төрагасы катары маалыматыңыз жок беле? Же көрмөксөн болуп койдуңуз беле?" деген суроо узатылды.

Сегизбаев бул атайын иштелип чыккан суроо экенин айтты. "ЖЭБ боюнча туура эмес нерселер 2016-жылы биз Коопсуздук кеңешке өткөрүп бергенбиз", - деди ал.

2021-01-07 22:04:00

Клара Сооронкуловага "Сизди батыш тарап каржылап жатабы?" деген суроо берилди.

Талапкер батыш тарабынан каржыланбаганын билдирди. Мындай сөздөр парламенттик шайлоодо дагы айтылганын эскертип, бул маалыматты төгүндөдү.

2021-01-07 22:03:00

Теледебат башталгандан бери социалдык тармак аркылуу 1 500 жарандан суроо келип түшкөнүн КТРКнын кызматкерлери билдирди.

2021-01-07 22:00:00

Ушуну менен дебаттын экинчи раунду жыйынтыкталды.

2021-01-07 21:52:00

Клара Сооронкулова Абдил Сегизбаевден "Садыр Жапаровдун аракетинде Кытай изи байкалып жатат. Мунун канчалык чындыгы бар?" деп сурады.

Сегизбаевдин убактысы аз болгондуктан шайлоочуларга кайрылуу учурунда жооп бермей болду.

2021-01-07 21:30:00

Арстанбек Абдылдаев: "Сооронбай Жээнбековдун тактан кетерин мен талап кылып айтып чыккам. Ошондо бийлигиңди тынчтык жолу менен өткөрүп бер дегем. Ал адам мени пенде катары көрүп койду", - деди.

2021-01-07 21:29:00

Равшан Жээнбеков: "Эмки жылкы бийликтин абалы кандай болот?" - деп суроо узатты.

Каныбек Иманалиев бул суроо Арстан Алайга тиешелүү деген пикирин айтты.

2021-01-07 21:26:00

Абдил Сегизбаев: "Саке, болбой калды. Коркпо кел", - деди.

Клара Сооронкулова: "Бул жерде ыңгайсыз суроолор болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин жооп ала элекпиз. Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын ким каржылап жатат? Дебатка келген кишилер ушундай суроолорго жооп бериш керек да", - дейт.

2021-01-07 21:24:00

Равшан Жээнбеков дебат аркылуу көп маселе чечиле турганын билдирди.

Арстанбек Абдылдаев дебатка келбеген талапкер коркконун айтты. "Түрмөдөн чыккандан кийин ал киши Кыргыз мамлекетине башаламандык орнотуп койду", - деди ал.

2021-01-07 21:23:00

Каныбек Иманалиев дебатка эки жолу келбей койгон талапкер тууралуу суроо берди.

2021-01-07 21:21:00

Теледебаттын экинчи раунду башталды. Анда алып баруучулар шарттарын түшүндүрүп берип жатышат. Талапкерлер бири-бирине суроо узатышат.

2021-01-07 21:10:00

Арстанбек Абдылдаев: "Кыргызчылык жылдыздан, көктөн берилген. Кыргызчылык менен балдарды тарбияласак, балдарыбыз дүйнөнү башкарып калат. Мен ааламдык илимге калыптанган катары дүйнөнүн экономикасын табият, экология аркылуу талкалап жатам. Ошентип гана адамзатты бириктиребиз", - деди ал.

2021-01-07 21:07:00

Равшан Жээнбеков Кыргыз өлкөсүндө чет мамлекеттердин мектептери жакшы экенин айтты. "Бул эмнени билдирет. Биз алардан билим берүүнүн моделдерин көчүрүшүбүз шарт", - деди ал.

2021-01-07 21:05:00

Талапкерлер билим берүү тууралуу суроолорго жооп берип жатат.

Каныбек Иманалиев: "Билим берүү тармагын толугу менен реформалоо керек. Мектептин программасын карап чыгуу зарыл", - дейт.

2021-01-07 20:57:00

Арстанбек Абдылдаев: "Дүйнөдө техника жетишкен мамлекеттер кыйрап, кырсыктап жатат. Ааламдан берилген тапшырманы аткарбасак дүйнө элине техника жардам бербейт", - деди.

Равшан Жээнбеков: "Санариптештирүүнү сот залынан көрөм. Видеого жазылат, бирок видео берилбейт", - дейт.

2021-01-07 20:55:00

Абдил Сегизбаев: "Жакынкы 3 жылда санариптештирүү сөзү модага айланды. Пандемия учурунда кайсы дарыканада кандай дары бар экени боюнча маалымат болгон жок. Санариптештирүү замандын талабы", - дейт.

2021-01-07 20:52:00

Клара Сооронкулова: "Бул жерде президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу суроолор берилиши керек. Силер болсо өкмөттүн программасын камтыган, өкмөт жасай турган ишти айтып жатасыңар. Мен Баш мыйзамда президентке кандай ыйгарым укук берилсе ошонун алкагында иштейм", - деди.

2021-01-07 20:51:00

Алып баруучу "Кыргыз мамлекети кантип, канча убакытта санариптештирүү багытына түшөт?" деген суроо берди.

2021-01-07 20:44:00

Абдил Сегизбаев: "Көп акча керексиз нерселерге коротулуп жатат. Биз аймактарды кыдырып жүрсөк күч органдары артыбыздан аңдып жүрүшөт. Бийликтин душманы биз эмес, кризис", - деди.

Клара Сооронкулова: "Биринчи кезекте мамлекетте акыйкат орнотуу зарыл", - деди.

Каныбек Иманалиев: "Президент болсом Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбековду командама алам", - дейт.

2021-01-07 20:36:00

Каныбек Иманалиев: "Биз, депутаттар тобу мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз. Салыкты төлөөнү электрондук форматка өтүүнү сунуштадык", - деди.

Равшан Жээнбеков: "Бизге демократиялык, эркин мамлекетти курушубуз зарыл", - дейт.

Арстанбек Абдылдаев: "Эгер Кыргыз башчылары элди тонобосо экономикабыз эчак эле көтөрүлмөк", - деди.

2021-01-07 20:30:00

"Биз экономикалык кризисте турабыз. Экономиканы көтөрүү боюнча көп эксперттердин пикиринде ишкерликти өнүктүрүү керек. Бул үчүн ишкерлерди мөөнөтү узак насыя менен камсыз кылуу зарыл. Кантип бул маселени чечсе болот", - деген суроону алып баруучу талапкерлерге берди.

2021-01-07 20:17:00

Мындан кийин президенттикке талапкерлер аймактык башкаруу тууралуу пикирлерин айтышты.

2021-01-07 20:15:00

Алып баруучу: "Бул жерде мамлекеттик башкаруу тууралуу сөз жок. Аймактарды башкаруу жөнүндө суроо берилип жатат", - деди.

2021-01-07 20:14:00

Клара Сооронкулова алып баруучуга: "Сиз кечээги жомогуңузду кайра баштадыңызбы? Ачык эле парламенттикпи же президенттик башкаруубу деп сурабайсызбы. Президенттик башкарууну өзүңүз мактап айтып кетиңиз. Сурооңуздун маңызы ошолбу?"- деди.

2021-01-07 20:13:00

Алып баруучу "Мамлекетти башкаруу системин жакшыртуу багытында Кыргыз мамлекети үчүн ыңгайлуу деген эки вариант сунушталып келет. Анын биринчиси децентрализациялаштыруу, экинчиси бийлик вертикалын күчтөндүрүү аркылуу жоопкерчиликтүү башкарууга басым жасоо керек. Сиз кайсы вариантты туура көрөсүз?" деген суроо берди.

2021-01-07 20:08:00

Арстанбек Абдылдаев жалган дүйнө кайып болгонун айтты.

Равшан Жээнбеков: "10-январда кандай чечим кабыл алсаңыздар 6 жыл ошондой жашоодо жашайбыз", - деди.

Каныбек Иманалиев: "Биз Манастын урпагы акчага сатылбай турганыбызды далилдейли", - дейт.

2021-01-07 20:07:00

Абдил Сегизбаев биргеликте өнүккөн мамлекет курабыз деген пикирин билдирди.

2021-01-07 20:04:00

Клара Сооронкулова алып баруучуларга кайрылып, маанисиз суроолор менен убакытты албоого чакырды.

2021-01-07 20:00:00

КТРКнын алып баруучулары дебаттын шарты жана эрежелери менен тааныштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан