Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков социалдык тармактагы баракчасына президенттикке талапкерлердин биринин тарапташтары асылып, жеп жатат деген пикирин калтырды. Анда актёрдун бир күн мурда "Мына сага Жаңы жыл" аталышындагы тасманын жабык көрсөтүүсүндөгү иш-чарада сахнага президенттикке талапкер Садыр Жапаровду туурап чыккан видеосу себеп болгонун айтат.

Айтымында, видео интернетке тарагандан кийин сөгүп, сагынган комментарийлер жазылып, жеке каттар дагы келип баштады.
"Бул видеону Садыр Жапаров өзү көрсө деле бир жылмайып койсо керек. Мен деле тарапташмын. Видеону көргөн айрым адамдар жаман сөздөрүн айтып жатышат. Бул жерде кимдир бирөөгө карата жаман сөз айтылган жок, болгону тасманын жабык көрсөтүүсүн ачып берүүдө форматын бир аз башкача кылалы дегенбиз.
Бул пародия, юморду түшүнгөнү да болот, түшүнбөгөнү да болот. Буга чейин деле туурап келгенбиз. Чыгармачыл адамдар эркин болушат, кимдир бирөөдөн коркуп же жагалдана албайбыз.
Азыр оор кырдаал болуп, көпчүлүгү ачуулуу болуп турган чагы. Мага карата жаман сөздөрүн айтып жаткандарды түшүнөм. Адам деген ачууланат, аны чыгарыш керек, ошол ачуусун менден чыгарып алышсын", - дейт актёр.