Өкмөт башчы: "Кыргызстан "Кумтөр" боюнча 33 пайыз үлүшү менен "Центерранын" ичинде отурат"

"Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумда кемчиликтер бар, муну моюнга алдык. Жогорку Кеңеш жардам берсин, жакшылап иштеп чыгалы деп парламентке келип отурабыз",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында. Сатыбалдиев ишкана боюнча мурунку келишимдер боюнча күнөөлүүлөр юридикалык жактан аныкталса, кыргыз тарап өзүнүн байлыгына өзү ээ болот деген ойдо. "Азыр "Кумтөр" боюнча өкмөттү эле күнөөлөй бербегиле. Биз 2009-жылдагы келишимдин негизинде гана сүйлөшүү жүргүздүк. Азыркы учурда Кыргызстан 33 пайыздык үлүш менен "Центерранын ичинде отурат",- деди өкмөт башчы.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан