Депутаттар "Кумтөрдөгү" алтынды тең бөлүш керек деген сунуш айтышууда

ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров "Кумтөрдөгү" акцияларды эмес, казылып алынган алтынды тең бөлүү керектигин айтты. Анын айтымында, ишканадагы кыргыз тараптын үлүшү 50 пайыз болгону менен "Центерра" комбинаттагы чыгашаларды жасалма көбөйтүүгө өтүшү мүмкүн. Буга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев макул эмес. "Алтын бул суу эмес, 70 пайызы биздики калганы сеники деп бөлүүгө мүмкүн эмес. Алтынды өндүрүүнүн көптөгөн чыгашасы бар, муну эске алышыбыз керек",- деди Сатыбалдиев. Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча "Центтера" менен сүйлөшүүдөн кийинки өкмөт сунуштаган долбоор талкууланууда.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан