Төкмө акын Майра Керим кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 59 жашка чыкмак. Аны замандаштары эскеришет

Белгилүү төкмө акын, обончу, аткаруу Майра Керим кызы көзү тирүү болгондо бүгүн, 8-январда 59 жашка чыкмак. Бирок залкар талант 2009-жылы узакка созулган оорудан улам 47 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган. Анын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Ак-Сай айылында жерге берилген.

Кыргыз-казакка аттын кашкасындай таанымал акын Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Керим дастан айтып, ыр жазган акын болгон. Апасы Айганыш кыргыздын кызы, Ысык-Көлдүн кулуну, комуз чертип, дастан, жомок, кошок айткан өнөрлүү адам болгон. Акын үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси болуп, атасынын карындашынын колунда өскөн. Кийин мектепти аяктаган соң бухгалтерликке окуп, бирок кичи мекенинде саанчы болуп иштеген. Алгачкы жолу айтышка Казакстанда жүргөндө катышып, тушоосун кескен. Нурлан аттуу казак жигитине баш кошуп, Эркебулан аттуу уулдуу, Торгын деген кыздуу болушкан. Бирок тагдырдын жазмышы менен жубайлар эки башка жолго түшкөн. Андан соң тагдыр акынды Канат Байышовго жолуктурган. Ысык-Көлдүн кулуну акын айымдын жүрөгүн багындырып, Көл кылаасына келин кылып алып келген. Бактылуу жубайлар кийин Акжолтой аттуу уулдуу болушкан.

Майра Керим кызы кыргызга келин болуп келгенден кийин да өнөрүн улантып, таланты менен элдин сүймөнчүгүнө айланган. 2000-жылдары төкмөлүк өнөрдүн кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошкондордун бири. Бир нече кыргыз-казак айтыштарында баш байгеге ээ болуп, бирок бир да мамлекеттик сыйлык алган эмес. Майра Керим кызы бир эле төкмө акындык эмес, жазма акындык, обончулук өнөрү менен да белгилүү. Ал 250дөн ашык ыр жазып, 50дөн ашык обон чыгарган. "Мага жар керек", "Сезим ыры, "Эгиз жүрөк", "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар", "Ысык-Көлгө таазим","Сезим жанары", "Сүйүү баяны" аттуу ырлары эл оозунан түшпөй ырдалып келет. "Эгиз тилдеги эргүүлөр" аттуу китептин автору.

Акын "Көзүм өтүп кетсе акыркы сапарга узатуу зыйнатымды опера жана балет театрында өткөргүлө" деген керээзин айтып кеткенин, бирок бир да мамлекеттик сыйлыгы жоктугунан улам ал каалоосу аткарылбай калганын замандаштары али күнгө чейин айтып келет.

Жеңишбек Жумакадыр КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын: "Майра жеңе кыздардын айтыш жолун ачам деп жүргөндө көзү өтүп кетти"

- Майра жеңе абдан шайыр, таланттуу, жүргөн жерин шаңга бөлөп турган адам эле. Жалаң кыздардын айтыш жолун ачам деп, шакирттерин даярдап баштаган мезгил болчу. Бирок катуу ооруп калып кийин эле көзү өтүп кетти. Кыргыз-казакка көпүрө болгон төкмө акын эле. Эстеген сайын жүрөк ооруйт. Майра жеңе менен көзү өткөнгө чейин эле үй-бүлөлүк байланышта абдан жакшы мамиледе болуп жүрдүк. Биз 5,6 үй-бүлө шеринелеш болуп, катташып турчубуз. Ал эми айтышта эң биринчи 1994-жылы Бишкекте өткөн эл аралык айтышта жуп болуп, экөөбүз тең баш байге деп бирдей сыйлык алганбыз. Андан кийин 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгында айтыштык. Өткөндө архивдеги айтыштарды көрүп калдым, негизинен үй-бүлөлүк байланыш, шеринелеш болуп жүрүп таң тамаша куруп көп эле жолу айтыштык. Акжолтой төрөлгөндө да биз аябай кубанганбыз. Бирок тагдыр экен ал дагы эми элге таанылып келе жатканда бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Майра жеңебиз айтыштары, ырлары менен өзүнө өлбөс, өчпөс из калтырып кетти десек да болот. Мен кыргыз кыздарынын ичинен да Майра жеңебиздин учугун улаган акын кыздар чыгат деп ойлойм.

Гүлназ Бекбоосун кызы ырчы, шакирти: "Мени такыр атымдан чакырган жок, дайыма "Кызыке" деп турчу"

- Майра эже менен алгач мектепте окуп жүргөнүмдө тааныштым. Биринчи көргөндө ак жоолук салынып алган экен, көзүмө бир башкача аппак, сулуу аял көрүнгөн. Өзүнө, кийимдерине аябай суктанганым эсимде. Ошол элеси дагы деле көз алдымда турат. Ошол учурда мен 7-8-класс болчумун, бир күнү Тоң райондук "Үмүт" деген ансамбль биздин айылга концерт коюп келип калды. Алардын арасында Майра эже дагы бар болчу. Андан кийин мага ошол топко кошулуп ырдоо ушундай бир мүмкүнчүлүгү болуп калды. Кийин атымды сурап, ырдаганымды мактаса териме батпай кубангам. Теледен көрүп, радиодон угуп жүрүп эжедей болуп төгүп ырдасам деп кыялданчумун. 1999-жылы Нарында иштеп калдым, анан Табылды Актанов жетектеген театр менен Майра эже болуп Көлдү айланып концерт коюп калдык. Эже менен чыгармачылык тыгыз байланыш дал ошондон башталды. Бишкекке көчүп келгенден кийин үй-бүлөлүк карым-катнаш уланып, жакшы мамиледе болдук. Башкача бир кең пейил, колунан берекеси төгүлгөн адам эле. Ырларын чыгарганда алгач ырдап берчү. Ал учурда азыркыдай телефон же диктафон жок болчу да. Ошол учурда жаздырып калбаганыма өкүнөм. Жактырсаңар, көңүлүңөргө туура келсе ырдай бергиле деп ырларын ырдоого уруксат берчү. Мени такыр атымдан чакырган жок, дайыма "Кызыке" деп турчу. Азыр эжеден үйрөнүп калган чыгармаларын ырдап жүрөм, барган жеримде уккан элдин баары эле батасын берет.

Элмира Касымбекова жакын санаалаш курбусу: "Ар бир ырынын тагдырын билем. Майра айтып бүткүс дастан эле"

- Бүгүн туулган күнүн эстеп, таң атпай арбагына багыштап куран окудум эле. Майраны бизге алгач 2004-жылы Элмирбек Иманалиев тааныштырган. Агайың (ред.Төлөгөн Касымбеков) экөөбүз уулубузга элден бата алып той берели деп кеңешкенбиз. Анан акындарды чакыралы деп Элмирбек бизге Майраны айтып чакырды. Майра ал учурда үй-бүлөсү менен Караколдо жашачу. Кыштын кыраан чилдесинде автобуска түшүп алып келди. Биздин тоюбуз тууган-урук, дос-тааныш болуп жатып бир жумага созулуп кетти. Майра да той бүткөнчө ырдап, бир күнү ырдаганы экинчи күнү ырдаганына окшочу эмес. Талантына ошондо ушунчалык баа бергем. Ошондон кийин экөөбүз жакшы мамиледе болуп, кечке сүйлөшүп отуруп калдык. Башынан өткөн турмушун, ачуу-татуусунун баарын айтып берди. Анан ошондо "Мени ушу колдоп-сүйөгөн адам жок болуп жатат да, болбосо шаарга келип чыгармачылыгымды өнүктүрөт элем. Акжолтоюмда дагы угут бар, ошону дагы акындарга кошсом, бир нерсе чыкчудай. Жашаганга эле жер болсо", - деп калды. Ага чейин тагдырын угуп, аяп отурган жаным шак эле шаарга келе бер, шартты мен түзүп берем дей салдым. Кийин агайыңа айттым, "Атасы, сизден сурабай бир иш жасап койдум. Майраны угуп отуруп эле макул дей салдым", - десем эле эч нерсе эмес деп, туура түшүнүп, ал киши дагы бул оюмду колдоду. Ошентип Майра үй-бүлөсү менен шаарга келип, 2 жыл биздикинде жашады. Кийин Ала-Тоо конушуна үй салып баштаганда дагы жакшы колдоо көрсөттүк. Абдан жакын, жакшы мамиледе болдук. Кийин ооруп калганында дагы карап калдым. Майранын ар бир ырынын тагдырын билем. Айтып бүткүс чоң талант эле. Тагдыр экен, апасынын жолун улантчу Акжолтой дагы эрте өтүп кетти. Куран окугандан башка айла жок тура.

Майра Керим кызынын кичүү баласы Акжолтой Канатбек уулу 2019-жылы 11-ноябрда жол кырсыгына кабылып, 27 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган. Ал апасынын төкмөлүк өнөрүн улантып, калың журтка төкмө акын, ырчы катары таанылып келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2021-01-08 19:45:33
Акжолтой откондо аябай ичим тызылдап ыйлагам жап жаш жигит. Майра эжени угуп эле отура берсен болчудай жан эле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан