Милиция кызматкери: "Өлкөдө революция болуп кетсе эле балдарды таштап жолдошум экөөбүз жумушка чуркайбыз"

Кыргыз кыздарынын арасынан эмгеги менен даңкталган асылзат айымдарды коомдук турмуштун бардык жагынан табууга болот. Элибизде ар дайым урматталып келген кыргыз айымдары коомдук жана мамлекеттик иштерге гана жигердүү катышпастан үй-бүлөдө да жароокер жар, мээримдүү эне катары өз милдеттерин так аткарып келишет.
Маектешибиз милициянын полковниги, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Секебаева 1996-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет. Он бештен ашык илимий макалалардын жана окуу китептердин автору Жылдыз айым аялзат жана карьера туурасында кызыктуу кеп курат.
Мугалимдиктен милиция кызматына келген
- Ички иштер органдарында, дегеле бул тармакты аттаганыма 25 жылдын жүзү болуптур. Биринчи кесибим боюнча филологмун, Орусия Федерациясынын Оренбургдагы педагогикалык институтун аяктагам. Кийин юридикалык билим алгам. Ички иштер органындагы эмгек жолумду ИИМдин басма сөз кызматында иштөө менен баштагам. Кийин азыркы иштеп жаткан Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына которулуп иштеп калдым. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, мына ушул жерде узак жылдардан бери иштеп, кафедрам экинчи үйүмө айланып, бир туугандай кесиптештерди таптым. Башында тарбиялоо жаатында иш алып барсам, андан кийин кафедрага которулуп, мугалим, улук окутуучу болуп, жетишерлик тажрыйба топтоп, эми минтип жетекчилик кызматты аркалоодомун. Мына ушул жерден аспирантурага тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым, кандидаттык ишимди жактап кандидат, доцент болдум. Ушул жерден жолдошумду таптым, үй-бүлө күттүм дегендей. Айтор, ИИМ мен үчүн куттуу жер.
Кесипкөй адис болушуна 3 адамдын салымы чоң болгон
- Кесибимди өзүм тандап, орган адамы болуп калышыма эч ким деле түрткү берген жок. Тагдырдын жолу эле ушундай болду. Бирок мыкты адис болушума үч адамдын салымы чоң. Биринчиден, ал менин атам. Атамдын акыл-насаат сөздөрү, тарбиясы менин турмушумда чоң таасир берди. Ал эми мен алгач ИИМдин басма сөз кызматына келгенде ыраматылык Жолдошбек Бусурманкулов ал жакты жетектеп турган. Ошентип Жолдошбек агай менин биринчи жетекчим болуп калды. Бейиши болгур ушунчалык акылман эле, адамкерчилик сапаты менен билими айкалышып турчу. Айтор, ал кишиден көптү үйрөнүп, тарбияланып, таасир алдым. Андан кийин Нурлан Жумашев деген адам менен иштешип калдым. Ал киши башчыбыздын орун басары болчу. Бирге иштешкен төрт жыл ичинде ал кишиден да көп сабак алдым. Чынында мага аябай үлгү болду. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамда, эмгек жолумда ушул эки адамга абдан ыраазымын.
Лейтенант кезинде жолуктурган өмүрлүк жолдошу
- Өмүрлүк жолдошум Бактыбек Кубакаев да ушул тармактын адамы, милициянын полковниги. ИИМдин ардагери, тактап айтканда, 2017-жылдан бери ардактуу эс алууда. Мен ИИМге иштеп келсем, Бакыт да бул жакта иштечү экен. Анда мен жаш, лейтенант кезим болчу. Ошентип экөөбүз таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кудайга шүгүр, 23 жылдан бери бир түндүктүн алдында ынтымактуу, бактылуу өмүр кечирип келе жатабыз. Кээде отуруп “милиция эмес, башка тармактын адамына турмушка чыкканымда кандай болот эле?” деп ойлонуп калам. Анткени экөөбүз тең бир тармактын адамы болгондон кийин бири-бирибиздин жумушубузду жакшы түшүнөбүз. Ашыкча кызгануу, түшүнбөстүк деген болбойт. Колубуздан келишинче кеп-кеңешибизди айтып, бири-бирибизди колдоп турабыз. Жубайлар бир тармакта иштегендин ушунусу жакшы экен. Ал эми жаман жагы революция, өзгөчө кырдаал сыяктууу өлкөдө курч абал жаралганда балдарды таштап коюп, экөөбүз тең жумушка чыгып кеткенибиз гана болбосо.
Кыргыз айымдарына карьера жасоо оор
- Ата-эне деген баланын күзгүсү болот. Бизге карап бала тарбияланат, калыптанат, түздөнөт экен. Биздин үч уул, бир кызыбыз бар. Бир үй-бүлөдөн бир тарбияны көрүп чоңойсо деле, ар бир балаң ар башкача болорун байкадым. Мисалы, биздин балдардын төрт башка кыялы, төрт башка кызыгуусу бар. Улуу балабыз орган адамы болгусу келбей турганын айтып, учурда Томск шаарындагы университетте 4-курста окуп жатат. Келечекте геолог болот. Андан кийинки уулубуз Орусиянын Омск шаарында ИИМдин Академиясында билим алууда. Биздин жолубузду жолдоп, ишибизди улантып, милиция кызматкери боло турчу уулубуз ушул. Андан кийин кызыбыз 5-класстын окуучусу. Эң кичүү уулубуз 4 жашта. Мамлекеттик кызматтан сырткары да үйдө үй тиричилиги, бала тарбиялоо, кайын-журтка кызмат кылуу деген нерселер күтүп турат. Ошол себептен экөөнү бирдей алып кеткендер аз. Биринчиден, жолдошуң жакшы болбосо эч кандай ийгиликке жете албайсың. Үйдүн тиричилигинен болобу, жумуштан болобу же илимий эмгек жазамбы, айтор бардык тараптан колдогон менин жолдошум жана бир туугандарым болду. Ошол себептен мен үй-бүлөнү да, карьераны да бир алып кеттим.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janyl98
2021-01-08 16:58:10
Укук коргоо органдарын кыздарды кобуроок тартса жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан