Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Мамыркалиев Бишкек-Ош унаа жолундагы автоунаа жана транспорттук көзөмөлүн жүргүзүүдөгү коррупциялык иштерге шектелип кармалган. Бул коррупциялык иш боюнча мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 16 миллион сому өндүрүлгөн.

Азыркы учурда, Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдарынын арасынан бул коррупциялык иштерге тиешеси барларды аныктоо жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан