Жантөрө Сатыбалдиев: "2003-жылы Кыргызстандын "Центеррадагы" 17 пайыздык үлүшү 86 миллион долларга сатылып кеткен"

"2003-жылы Кыргызстандын "Центеррадагы" 17 пайыздык үлүшү 86 миллион долларга сатылып кеткен". Муну парламенттин 3-октябрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Эгер "Центерра" банкрот болсо, анда ишканадагы Кыргызстандын 33 пайыздык үлүшү да күйүп кете турганын айтты премьер-министр. "Эгер "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен Кыргызстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлсө, кыргыз тарап өзүнүн талаптарын коё алышат. Буга чейин мындай болгон эмес",- деди Сатыбалдиев.

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан