Бишкекте эртең айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте эртең, 9-январда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда жазылган маалыматка ылайык, жарманке эртең Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
"Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, өлкө ичинде суроо-талапка ээ болду. Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз", - деп жазып калтырган айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.
Мындан тышкары ал жарманкенин максатына токтолуп, жарандарды колдоо, азыктарды дүң баада сатуу болуп саналарын кошумчалап өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан