2003-жылы "Кумтөр" ишканасы жаңы иштеп баштаганда ал жерде алтындын кору (запасы) 101,2 тонна болгон. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрдагы ЖКнын жыйынында "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын башчысы Дилгер Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылдын башында "Кумтөрдөгү" алтындын кору 459 тонна деп эсептелди. Депутат Өмүрбек Текебаевдин “Центерра” 10 жылдын ичинде канча алтын казып алды" деген суроосуна Жапаров "348,8 тонна казып алды" деп жооп берди.