Шайлоодо административдик ресурсту колдонуу тобокелдигин жоюу үчүн бардык чаралар кабыл алынары айтылды

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана референдумда административдик ресурсту колдонуу тобокелдигин жоюу үчүн бардык чаралар кабыл алынат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан административдик ресурсту колдонуу жөнүндө 14 сигнал келип түшүп, алар боюнча текшерүү жүрүп жатканы айтылат.

"Белгилей кетсем, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, референдум административдик ресурс пайдаланылбастан таза өтүүсү керек. Өкмөт административдик ресурсту колдонуунун ар кандай фактысын четке кагуу үчүн бардык күчүн жумшоого тийиш.

Укук бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдарга жооп кайтаруучу координациялоочу топтор, тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөрдү ыкчам жүргүзүүсү зарыл", - деген Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан