Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо темир кен жайын сатууга ниети жоктугун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Анда өкмөттүн дарегине Нарын облусунда жайгашкан ири темир кен жайын сатууга ниеттенип жатат деген айыптоолор көп айтылып жатканы маалымдалат.
"Биз элдин байлыгы элде калсын деп жатабыз. Мындан ары биздин кендер аукциондордо арзан баага сатылбайт. Учурда ачык акционердик коом боло турган мамлекеттик компанияны түзүү пландаштырылып жатат. Кендерден түшкөн киреше өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталат", - деген Мамытканов.
Ал эми өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев темир кени сатылып кетти деген маалымат жалган экенин кошумчалаган.
"Жетим-Тоо толугу менен мамлекеттин карамагында. Мурда кол коюлган документтердин бардыгы жокко чыгарылды. Соттун тиешелүү чечимдери бар", - деген Сагынбаев.