Теледебат: Улукбек Кочкоров "Биримдиктен" депутаттыкка койгонум үчүн революция болгон жок" десе, Мыктыбек Арстанбек 12 баласы бар экенин айтты. Президенттикке талапкерлердин дебаты (хронология)

Бүгүн, 8-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү. Ага Бабыржан Төлбаев, Улукбек Кочкоров, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Мыктыбек Арстанбек жана Имамидин Ташов катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. 9-январда үгүт иштери жыйынтыкталат.

2021-01-08 23:00:00

Ушуну менен дебат соңуна чыкты.

2021-01-08 22:30:00

Бабыржан Төлбаев: "Менин компаниям алгачкы ачылган жылы 3 миллион сом мамлекеттик бюджетке салык төлөгөн. 2020-жылы 507 миллион сом төлөдү. Ачылган жылдан бери төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашат". 

2021-01-08 22:22:00

Улукбек Кочкоров: "Мени "Биримдик" партиясынан депутаттыкка койду деп революция болгон жок. Админстративдик ресурс колдонду делген партиялар менен парламенттик шайлоого аттангандар азыр кимдин штабында иштеп жатканын карап көргүлө".

2021-01-08 21:48:00

Мыктыбек Арстанбек: "12 балам бар. Ата болуп иштейм. Бул өтө оор иш, пенсия төлөнбөйт. Мен ушунум менен сыймыктанам".

2021-01-08 21:41:00

Мыктыбек Арстанбек: "Президент биздин жерден, биздин аймактан, биздин уруудан болсо деп калдык. Биз президентти тандоо критерийлерин өзгөртүшүбүз керек. Тандоо критерийлерин динден алуу туура болот деп эсептейм".

2021-01-08 21:33:00

Дебаттын биринчи раунду жыйынтыкталды. 2-раундда талапкерлер бири-бирине суроо узатышат.

2021-01-08 21:05:00

Мыктыбек Арстанбек: "Трампты алып келсеңер дагы биздин өлкөдөгү коррупцияны жеңе албайт. Анткени бийликке келген адам системанын туткунуна айланат. Өнүгүш үчүн азыркы мамлекеттик системаны түп-тамыры менен өзгөртүш керек. Жаңы системаны динден, ата-бабабыздын турмушунан издеп көрбөйлүбү?"

2021-01-08 21:02:00

Жеңишбек Байгуттиев: "Коррупциянын айынан элибиз жылына 80 миллиард сом жоготуп жатат. Коррупция менен күрөшүш үчүн калп аныктагыч аппаратты колдонушубуз керек. Кедей мамлекеттерде коррупция өнүккөн. Тилекке каршы, Кыргыз жери да кедей өлкөлөрдүн катарына кирип калды".

2021-01-08 20:58:00

Бактыбек Калмаматов: "Президентке адилеттүүлүктү орнотуу жана УКМК менен прокуратураны колго алып, коррупцияны жок кылыш керек. Урматтуу элим, эртең силер дал ошондой адамды тандашыңар керек".

2021-01-08 20:52:00

Улукбек Кочкоров: "Бийликке келбей туруп, адамдар коррупциянын тузагына түшүп калып жатат. Мисалы, кээ бирлер коррупционерлердин акчасын алып туруп шайлоого катышып жатышат. Анан кантип ал бийликке келгенден кийин коррупция менен күрөшөт?"

2021-01-08 20:45:00

Бабыржан Төлбаев: "Экспортту өнүктүрмөйнчө биз эч качан сырткы карыздан кутула албайбыз. Ошондуктан биз Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонууну үйрөнүшүбүз керек".

2021-01-08 20:35:00

Имамидин Ташов: "Евразия экономикалык биримдигине кирүү бир гана мигранттарга пайда алып келди. Башка тараптардан биздин өлкөбүз уттурду. Бул уюмдун ар бир пунктун окуп, талдап көрө турган болсок мамлекетибиз үчүн бир топ пайдасы көп болушу керек эле. Бирок биздин бийлик аны ишке ашыра албай жатат".

2021-01-08 20:23:00

Мыктыбек Арстанбек: "ГЭСтерибиз суу тартыш болуп, жарылып кетиши мүмкүн деп жатышат. Энергетика маселесин президент чечпейт. Президент - лидер, ал болгону командасына буйрук берип, командасы бул маселени чечиши керек. Мен ушул маселелердин баарын чече ала турган команда чогулта алам".

2021-01-08 20:10:00

Улукбек Кочкоров: "Элдин башын бириктире алган, азыркы кризистик абалдан чыгара турган лидерди тандап алышыбыз керек".

Бабыржан Төлбаев элди 3 тилде Жаңы жылы менен куттуктады. "10-январда биз өзүбүздүн, балдарыбыздын келечегин кошо тандайбыз" деди ал.

Бактыбек Калмаматов: "Бизде өнүгүү үчүн бардык шарттар бар. Болгону адилеттүү президент тандап алышыбыз керек".

Жеңишбек Байгуттиев: "Экономист катары кыска аралыкта өлкөнү кризистен чыгарып кете алам".

Имамидин Ташов: "10-январда туңгуюк абалдан чыгабыз деп бир нече талапкер президенттикке аттанууда. Ушул күнгө чейин сөз менен эмес, иш менен баарын далилдеген адам катары мен да президенттикке аттандым".

Мыктыбек Арстанбек: "Алдыга карай умтулушубуз керек, келечекте буюрса, жакшы гана нерселер бизди күтүп жатат".

2021-01-08 20:01:00

Дебат башталды. Учурда алып баруучулар талапкерлерге эфирдин шарттары менен тааныштырышууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-01-08 20:18:01
Жаркын келечек таза бийлик
Садыр Жапаров алгаа
+6
modem4999
2021-01-08 20:48:28
Asmat84,Сегизбаевдин суроолорунан коркуп келе албаптыр дебатка Жапаров, озунуз таразалап, шашпай угуп корунузчу Сегизбаевдин бере турган суроолорун.
-9
Simels
2021-01-08 21:15:56
modem4999, Фактысы жок, суу кечпеген суроолору кимге кызык ? Орусча айтмакчы Абдил хайпануть хочет! ГКНБнын башчысы болуп турганда эмнеге берген эмес ушул суроолорун? Эгер чындап далилдүү болсо ошондо эле статья кошуп камашмак!
-3
Nursul
2021-01-08 20:29:04
3 тилде сүйлөсө сүйлөсүн таң калыштуу деле эмес. мектепти орто бүткөндөр дел билет 3 тилди.
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан