Бүгүн, 8-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Бабыржан Төлбаев, Улукбек Кочкоров, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Мыктыбек Арстанбек жана Имамидин Ташов катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.
Анда талапкерлерге Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактары тууралуу суроо узатылды. Буга Калмаматов төмөнкүдөй жооп берип, ал союзга кирүүнүн пайдасынан зыяны көп экенин белгиледи.
"Бажы биримдиги - бул экономикалык союз эмес, бул саясий союз. Саясий союздан киреше табам дегендик - бул келесоолук! Жаныбызда 1 жарым миллиард эли менен Кытай турса, Европа 1 жарым миллиард эли менен турса, анан 5 мамлекет биригип түзүп алган 180 миллиондук базарды базар десек, анда бул терең жаңылыштык. Мындай түшүнүккө жетүү үчүн экономиканы билүүнүн, экономика жактан билимдүү болуштун да кажети жок.
Бажы биримдиги бул саясий чечим болгон. Анткени биз союзга мигранттардын тагдырын ойлоп гана киргенбиз, бул бизге башка киреше бербейт. Андан көрө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп коюшубуз керек. Азыр өлкөбүздө эң ири "Кара-Суу" жана "Дордой" базарлары мышык ыйлагыдай оор абалга келип калды. Мекендештер, эгер биз чындап экономиканы тургузабыз десек, анда эң ириде мамлекеттин эгемендүүлүгүнө басым жасообуз керек. Ал эми эгемендүүлүгү кагаз бетинде калган өлкөдө эч качан экономика болуусу мүмкүн эмес. Биздин экономика чиновниктердин гана алдында эмес, сырткы күчтөрдүн таасири астында чечилип жатат", - деди Калмаматов.