Мыктыбек Арстанбек өлкөдө коррупциянын гүлдөп жатканын айлыктын аздыгы менен түшүндүрдү

Бүгүн, 8-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Бабыржан Төлбаев, Улукбек Кочкоров, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Мыктыбек Арстанбек жана Имамидин Ташов катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.
Дебаттын жүрүшүндө талапкерлерге коррупцияны канткенде жеңе алабыз деген суроо узатылды.

Мыктыбек Арстанбектин пикиринде чырмалышкан системаны жоймоюнча, коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес.

"Коррупцияны азыркы системада жеңүү мүмкүн эмес. Бир эмес 6 президент алып келгиле, ал эмес Сауд Арабиясынын королун же Трампты алып келгиле, жеңе албайсыңар! Анткени бийликке келген адам системанын туткунуна айланат. Ал келбей туруп туткунда. Ошондуктан бул системаны жеңбей туруп, коррупцияны жеңем деген жалган сөз.

Бул бийлик Бишкектен чыкпай турган бийлик, кландар азыр партия болуп келет. Өнүгүш үчүн азыркы мамлекеттик системаны түп тамыры менен өзгөртүш керек.

Жаңы системаны динден, ата-бабабыздын турмушунан издеп көрбөйлүбү? Биз динде ата-бабаларыбыз менен бирге коррупциясы жок эле, уурулугу жок эле жашап келгенбиз. Жоопкерчилик бул эмне? Бул биринчи кезекте жаза. Аны аткара албасаң жазаланасың.

Муну динден башка дагы кайсы система жакшы ишке ашырат? Динден башка система жок. Коррупция эмне үчүн гүлдөп жатат, анткени айлык аз. Бүт мамлекеттик система жең ичинен бүтүрө турган иштер менен оролгон", - деди Арстанбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurgaz
2021-01-08 23:49:53
Молодец Мыктыбек эркексин! Мыктыбекке добуш берели туугандар.
+1
munduz2016
2021-01-09 16:18:37
Айлык аздыгынан коррупция өнүккөнүн билебиз)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан